Кант шаарында мектеп окуучулары мушташып, 16 жаштагы өспүрүм каза тапкан окуя боюнча кылмыш ишинин тергелиши ички иштер министринин көзөмөлүндө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Чүй облустук милициясы 26-январда Кант шаарында эки мектеп окуучусу мушташып, алардын бири алган жаракатынан улам 25-январь күнү ооруканада эсине келе албай каза болгонун билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.