Министр Кулубаев менен ТМУнун башкы катчысы Өмүралиев жолугушту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жолугушту.

ТИМ билдиргендей, тараптар Уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары чыңдоого жана мүчө-мамлекеттердин ортосундагы өз ара байланыштарды тереңдетүүгө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Башкы катчы Өмүралиев министрге ТМУ Катчылыгынын 2024-жылга карата ишинин жыйынтыгы жана учурдагы мезгилге иш пландары тууралуу маалымат берди.

Министр Кулубаев Бишкек декларациясын, ошондой эле Кыргызстандын ТМУда учурда төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми быйыл Кыргызстандын ТМУга төрагалык кылуусуна байланыштуу боло турган иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда тараптар ТМУ алкагында жигердүү иштерди улантып, пландалган демилгелерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды жасоону макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан