Казакстанда изделип жаткан жаран Бишкектен кармалды      

Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны Бишкектен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кызмат адамына пара берген деп айыпталып, Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги тарабынан издөөдө жүргөн.

"Логистикалык компаниянын ээси, 1985-жылы туулган А.Д. 2022-жылдын декабрынан 2023-жылдын ноябрына чейин чет өлкөгө товар жеткирүүнү уюштурууга аракет кылган. Бажы процедураларын айланып өтүү үчүн ал бажы кызматкерлери менен тил табыша баштаган. Белгиленген убакыт аралыгында шектүү 16 500 долларды пара катары которгон", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан