Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБнын президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов иш сапары менен Баткен облусуна барып, облуста курула турган стадиондордо иштердин жүрүшү менен таанышышып, Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларынын мэрлери жана курулуш иштерине тиешелүү уюмдардын адистери менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Белгилей кетсек, 2025-жылы 20га жакын футбол объекттинин курулушу жана реконструкциясы пландалууда. Анын ичинде Баткен облусунда Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларынын үч стадионунун курулушу пландалууда.
Жолугушуунун алкагында курулуш иштери, графиктер, каржылоо, логистиканы жакшыртуу жана долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында көзөмөлдү камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.
Иш-сапардын дагы бир бөлүгү болуп, жергиликтүү клубдардын машыктыруучулары менен болгон жолугушуу болду. Анда клуб өкүлдөрү жана машыктыруучулар менен 2025-жылкы футбол сезонуна болгон даярдыктар, жаңы форматтар, анын ичинде 2026-жылкы сезонго Премьер-Лигага жергиликтүү клубдарын даярдоо боюнча маселелер каралды.