Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Ички иштер министри өлкөдөгү учурдагы оперативдүү кырдаал, коомдук тартипти камсыздоо боюнча чаралар жана укук коргоо органдарындагы реформаларды ишке ашыруу тууралуу маалымат берди. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу чара көрүү жана укук бузуулардын алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Улан Ниязбековдун берген маалыматына ылайык, өлкөдөгү 93% кылмыштуулук ички иштер органдарында катталгандыгына карабастан, акыркы төрт жылдан бери кылмыштуулуктун катталуусу дээрлик 69% пайызга азайтууга жетишкен.
Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу, ведомствонун материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана калк менен өз ара аракеттенүү иштерин жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи.
Президент ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруунун, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүнүн, ошондой эле укук тартибин жогорку деңгээлде сактоонун маанилүүлүгүнө басым жасады.
Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров министрге коомдук коопсуздукту чыңдоого, ведомствонун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана кадрларды даярдоо системасын мындан ары жакшыртууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.