Биз социалдык тармакта

Депутат Акаев кыргызча мультфильмдерди тартууга каражат бөлүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев кичинекей балдардын кыргыз тилин өздөштүрүүсүнө салым кошуу үчүн кыргызча мультфильмдерди тартууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-январда парламентте айтты.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитет бүгүн Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалыматын укту.

Анда эл өкүлү "Кыргызтест" мекемесинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу зарылдыгына көңүл буруп, мультфильмдерди тартууга каражат бөлүү, мамлекеттик тилдеги контенттин көлөмүн көбөйтүү маселелерин белгиледи.

Жогорку Кеңеш 28.01.25
Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан