
Бишкекте үйдөн ири суммадагы акчаны уурдаган 34 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 15-январда милицияга жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамдарга карата мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнгөн. Ал ошол эле күнү Көк-Жар айылында жайгашкан үйүнөн 4500 долларын уурдатканын билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1991-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран шетүү катары кармалган.
Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар же жоктугу аныкталууда. Милиция сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо
0(504) 00-66-11 же 102 номурларына кайрылууну өтүнөт.