Бишкекте окуучулар урнадан наристе таап алышты. Милиция энесин издөөдө

Бишкекте таштанды салынган урнадан жаңы төрөлгөн наристе табылды. Бул туурасында Ленин РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, милицияга кечээ, 28-январда маалымат келип түшкөн. Анда Интергельпо көчөсүндөгү таштандыдан мектеп окуучулары наристе таап алгандыгы айтылган.

Милиция наристе тирүү табылганын кошумчалады. Учурда кылмыш иши козголуп, наристенин энеси изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан