АКШ президенти Дональд Трамп жашы жете электердин жынысын өзгөртүү боюнча медициналык процедураларга федералдык каржылоону токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Ак үйдүн тараткан билдирүүсүнө таянып жазууда.
"Бул кооптуу тенденция өлкөбүздүн тарыхында кара так болуп калат. Аны токтотуу зарыл...
Кошмо Штаттар мындан ары балдардын бир жыныстан экинчисине өтүшүнө демөөрчүлүк кылбайт жана колдобойт", - деп айтылат билдирүүдө.
Документке ылайык, 19 жашка чейинкилердин жынысын өзгөртүүгө багытталган операцияларга же гормоналдык терапияга мамлекеттик каражатты колдонууга тыюу салынат. Трамп Саламаттыкты сактоо министрлигине балдардагы гендердик дисфорияны дарылоо боюнча сунуштарды карап чыгууну жана 90 күндүн ичинде жаңы отчёт тапшырууну буйруду.
Мындан тышкары федералдык каржылоо алган медициналык мекемелер мындай кызматтарды токтотууга милдеттендирилди. Ошондой эле Юстиция министрлигине балдарды коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышын күчөтүү тапшырылды.