Кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешине катышат. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди.
Маалымдалгандай, анда кыргыз балбаны 79 килограмм салмактык котегорияда казак спортчусу Жамиля Бакбергенова менен беттешет.
Айта кетсек, мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өтөт. Мелдеш 25-февраль күнү саат 19:00дө “Балуан Шолак” аренасында орун алат.
Маалымат үчүн: Professional Wrestling League уюму 2022-жылы Орусияда түзүлгөн. Ал алгач Poddubny Wrestling League деген ат менен мелдештерди уюштурган. Уюм жалпы эсеп менен 7 мелдеш өткөрсө, анын бири Бишкекте болгон.