Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев кыргызстандыктарды шекерден жана курамында шекери бар продукциялардан баш тартууга чакырды.
"Биздин жарандар арак, тамеки канчалык зыян экенин билишет, бирок шекер ден соолукка канчалык зыян экенин билишпейт. Ошон үчүн жарандарга кайрылат элем, чай ичкенде шекер кошпогула, балдарга курамында шекер бар сок алып бербегиле. Бул өтө зыяндуу нерсе экен. Мына акыркы изилдөөлөр көрсөтүп жатат", - деди ал.
Бекешев Саламаттык сактоо министрлигин шекердин зыяндуулугу боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө үндөдү.