Өзбекстанга дары-дармектерди, тамекилерди өткөрүп келгендер кармалды (видео)

Өзбекстанга өтө күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди жана акцизсиз тамеки продукцияларын ташуучу канал аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-январда Кадамжай районунун чек ара аймагынан Өзбекстандын жаранына күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди өткөрүп берип жаткан жеринен 25 жаштагы М.у.Э. аттуу кыргыз жараны кармалган. Анын жанынан 396 даана тропикамед алынган. Жашаган жерин тинтүүдө 25 даана регопен таблеткасы табылган.

Мындан улам тергөө иштери жүргүзүлүп, Кадамжай районунда дагы бир Т.у.М. аттуу жараны Өзбекстанга товар ташуу боюнча мыйзамсыз каналдын уюштуруучуларынын бири катары аныкталган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда ESSE CHANGE үлгүсүндөгү акцизсиз 60 куту, баасы 4 миллион сомго жакын тамеки продукциясы табылган. Ал салык мыйзамдарын бузуп келген. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 2 миллион 335 миң сомго жакын зыян келтирилген. Кармалган Т.у.М. тергөө абагына киргизилген.

УКМК жогоруда аталган дары-дармектер күчтүү таасир этүүчү экенин айтып, алар дарыгердин көрсөтмөсү менен гана сатыларын белгиледи.

УКМК 29.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан