Дүйнө жүзүндө 2100-жылга чейин болжолдуу 279 тил жок болуп кетиши мүмкүн. Мындай билдирүүсүн Орусиянын Илимдер академиясынын Тил илими институтунун улук илимий кызматкери Юрий Коряков билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.
Анын айтымында, XXI кылымда дүйнөдө 88, Орусияда 6 тил жок болгон. Ал эми XX кылымда дүйнөдө 256 улут өз эне тилинде сүйлөбөй, Орусияда 9 тил жоголгон.
Коряков тилдин жоголуусу дээрлик ылдамдыкта жүрүп, 10 жылдын ичинде дүйнөдө 40, Орусияда 2,5 улут өз эне тилин унуткарып жаткандыгын кошумчалаган.