Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Беларуста өткөн президенттик шайлоого байкоочу катары катышкан Кыргызстандын өкүлдөрүн сындаган эл аралык уюмду "өлкө ишине кийлигишип жатат" деп айыптады.
Ал Тышкы иштер министрлигин буга реакция кылууга чакырды.
"Австриянын Freedom For Eurasia деген уюму биздин мамлекеттин ички саясатына аралашып жатат. Биздин өлкөнүн ички саясатын мамлекет башчыбыз жана эл чечет. Алардын болсо укугу жок", - деди Өмүрзаков.
Белгилей кетсек, Беларуста 26-январда өткөн президенттик шайлоого байкоочу катары Кыргызстандын атынан БШКнын төрайымы жана мүчөлөрү, ошондой эле парламенттин 3 депутаты катышкан. Шайлоодон кийин Венада жайгашкан Freedom For Eurasia (FFE) эл аралык уюму байкоочулук кылган Кыргызстандын өкүлдөрүн сындаган. Уюм кыргызстандык өкүлдөрдү демократиялык принциптерге жана эл аралык нормаларга кайдыгерлик кылды деп айыптаган.
Беларустагы шайлоодо Александр Лукашенко жеңип чыгып, жетинчи мөөнөткө кайра шайланды.