Таласта курал саткандарды милиция кызматкерлери кардар болуп кармады (видео)

Талас облусунун тургундары мыйзамсыз ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатуу боюнча туруктуу канал түзүшкөн деп шек саналып кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, ИИМге ок атуучу куралдарды сатуу үчүн кардар издеп жаткандар тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон. Аларды кармоо үчүн атайын операция уюштурулуп, милиция кызматкерлери курал сатуучуларга кардар болушкан. Натыйжада 65 жана 28 жаштагы Манас районунун тургундары кармалышкан.

"Шектүүлөрдүн Toyota үлгүсүндөгү унаасынан 5 даана ок атуучу курал, алардын ичинен белгилери өчүрүлгөн 3 даана сайлуу ок атууучу курал табылды. Ошондой эле 5,45 калибрдеги 71 даана, 7,62 калибрдеги 13 даана ок алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган ок атуучу куралдар катталган эмес", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканын жана тийиштүү экспертизалар дайындалганын кошумчалады.

ИИМ 29.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан