Депутат Маматалиев ата-энесинен ажыраган балдар үчүн ЖРТнын босого баллын түшүрүүнү сунуштады

Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев жетим балдар үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллын түшүрүүнү сунуштады.

Ал майыптыгы барлар үчүн босого балл 100-105 экенин белгилеп, аны бирдиктүү 100 балл кылып туруп, бул категорияга ата-энесинин мээриминен ажыраган балдарды дагы кошуу керектигин айтты.

"Аларды 18 жашка чейин карап эле, андан кийин карабай калганбыз. Эми көңүл буруп, 18ден өткөндөн кийин үй алуусуна, же окуусун улантуусуна өбөлгө болушу үчүн мамлекет 500 миң сомдон берип жатат. Бирок бир маселе калып калды. Мына ЖРТдан жок дегенде 110 балл алыш керек. Эми ал балдар буга каяктан, кантип даярданып жатышат, толук түрдө даярдана алабы? Айтор, көпчүлүк учурда булар өтпөй калып жатышат. Анткени ата-энеси бар балдар курстарга барышат, китептерди алышат, жеткиликтүү мээрим алышат... Эгер алар 100 балл менен өтө турган болсо, балдарга жакшы жардам болмок", - деди Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан