Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева таштанды салынган урнадан табылган ымыркайдын окуясын айтып, жаңы төрөлгөн таштанды наристелер үчүн атайын контейнер орнотуу керектигин талап кылды.
"Кечээ таштандыдан кайрадан бир ымыркай табылды. Бактыга жараша, ал бала тирүү экен. Мен эки жылдан бери беби-бокс орнотолу деп айтып келем. Мага бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен жооп келди. Алардын айтымында, бир беби-бокстун баасы 6 миң доллар экен, 30 миллиарддап уурдаганда акчаны эч ким санабайт. Анан балдарга келгенде 6 миң доллар экен деп санап калдыкпы? Эне-баланы коргоо борборуна бирөөнү ортонуп койсок болот дешкен, коюп бербейсиздерби! Мен бул нерсени талап кылам", - деди депутат Сурабалдиева.
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-январда Бишкекте таштанды салынган урнадан жаңы төрөлгөн наристе табылганын Ленин РИИБи маалымдады. Милициянын маалыматына караганда, ымыркай кечээ, 28-январда мектеп окуучулары тарабынан табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, наристенин энеси изделүүдө.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги таштанды салынган урнадан табылган ымыркайдын абалы туруктуу оор экенин билдирди.