
30-январдан 1-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн айрым ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү Каракол–Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Мырзаке–Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертти.