"D Billions" тобу Ютубдун үчүнчү бриллиант баскычын алды (видео)

Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө популярдуу болгон "D Billions" тобунун Ютубдагы каналы үчүнчү бриллиант баскычын алды. Бул тууралуу аталган топ социалдык баракчасына жарыялады.

"D Billions" укмуштуудай чекке жетти. Биздин үчүнчү бриллиант баскыч! Күйөрмандарыбыздын баарына терең ыраазычылык билдиребиз. Бизди алдыды мындан дагы көп укмуштуу окуялар күтүп турат", - деп билдирүү калтырышкан.

Белгилей келсек, каналдын бриллиант баскычы көрсөтүү 1 миллиарддан ашык көрүү алганда берилет. "D-Billions" ар кандай темада балдардын ырларын аткарган жана анын мазмунун эл аралык аянтчаларга чыгарган музыкалык топ. Чыгармачыл топ мектепке чейинки балдар үчүн ырларды жана көңүл ачуучу, таанып-билүүчү видеолорду чыгарып келет.

Учурда аталган топтун англис тилиндеги Ютуб каналында 33 миллион катталуучу, орус тилиндеги каналында 11 миллион ал эми кыргыз тилиндеги каналында 900 миң катталуучусу бар.

"D Billions" тобу Ютубдун үчүнчү бриллиант баскычын алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан