Бүгүн , 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевден Ош облусундагы ветеринардык кызматтын жетекчисине чара көрүүнү суранды.
Ал бир нече ишкер аймактын башкы ветеринары акча чогултуп жатканын айтып кайрылышканын билдирди.
"Биз адамдардан акча алгандар менен күрөшүп жатабыз, бирок малдан акча алгандар менен күрөш жакшы болуп жатканын байкабай жатам. Ошто бир нече ишкерлер мага кайрылышты. Өзбекстанга жумасына дээрлик 15-20 миңге жакын мал экспорттолот. Ошол жерден Ветеринария кызматынын жетекчисине деп ар бир малдан 100 сомдон чогултулат экен. Муну бир нече ишкер тастыктады. Камчыбек Кыдыршаевичке да кайрылам, бул жигитке тез арада чара көрүңүздөр", - деди Акаев.