Аляскада согуштук учак жерге кулады (видео)

Американын F-35 согуштук учагы Аляскада жерге кулады. Учкуч аман калган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, учкуч кырдаалга баа берип, учакты Эйелсон авиабазасынын учуп-конуу тилкесине туштап коё берген.

Учурда учкуч ооруканалардын биринде дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп жаткандыгы айтылды. Ал эми авиабазанын жетекчилиги кырсык боюнча иликтөө башталганын билдирген.

Айта кетсек, F-35 согуштук учкучунун баасы 81 миллион долларды түзөт.

29.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан