Дамаскта орус делегациясы менен болгон сүйлөшүүлөрдө Сирия администрациясы мурунку каталарды эске алуу менен компенсация төлөп берүүнү талап кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов башында турган орус делегациясынын өкүлдөрү менен мамилени калыбына келтирүү маселесин талкуулоодо Сириянын башкы командачылыгы Орусия Сирия элин урматташы керек экендиги белгиленген.
Алар ошондой эле реконструкциялоо жана реабилитация үчүн Орусиядан компенсация талап кылышкан.
Ошол эле учурда Богданов Сириянын администрациясы менен Дамасктагы жолугушуусун “конструктивдүү жана позитивдүү” деп мүнөздөп, Сириядагы орус объектилерине эч кандай зыян келтирилбегенин жана эки тарап тең диалогду улантууну макулдашканын айтты.