Нарында былтыр миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам берилди

Былтыр Нарын облусунда социалдык келишимдин негизинде 1160 аз камсыз үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Ага ылайык, аталган каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Бул үй-бүлөлөргө чакан ишкердик кылууга 100 миң сомдон жалпы 116 миллион сом берилди. Социалдык келишим түзгөндөрдүн ичинен 70,3 пайызын мал чарбачылыгы менен алектенгендер, 15,3 пайызын өндүрүш багытында (тигүүчүлүк, жыгач устачылык ж.б), 8,3 пайыз кызмат көрсөтүү жана 4,9 пайыз соода-сатык менен алектенгендер түздү”, - деп жазылат маалыматта.

Жалпы үч жыл (2022-2024) аралыгында республикалык бюджеттин эсебинен социалдык келишимдин негизинде жардам көрсөтүлгөн үй-бүлөлөрдүн саны 1997 адамды түзүп, 199 миллион 700 миң сом каржыланган.

Ошондой эле былтыр Дүйнөлүк Банктын “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо” долбоорунун алкагында кошумча социалдык келишимдин негизинде 185 аз камсыз үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул үй-бүлөлөргө чакан ишкердик кылууга 100 миң сомдон жалпы 185 миллион сом берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан