Талас облусунда курал-жарак сатып алууга уруксат кагаздарын мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Талас облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, курал-жарак сатып алууга уруксат берүүдө коррупциялык схема колдонулганы ачыкталды.
"Тагыраагы, облустук ички иштер башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери курал-жарактарды биринчи жолу сатып алууга уруксат алган адамдарды окутууга лицензиясы бар айрым ЖЧКлардын жетекчилери менен сүйлөшүп алышып, атайын окуудан өтпөгөн 25 жаранга окуу программасын аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөрдү бурмалоо жолу менен жасап беришкендиктери аныкталган", - деп билдиришти прокуратурадан.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) боюнча кылмыш иши козголду.