"Бала бакча, клуб, почта". Депутат Ысык-Көлдүн Садыр-Аке айыл аймагындагы мүлктөрдү мамлекетке кайтарууну талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Айжигит Тыналиев Ысык-Көл районуна караштуу Садыр-Аке айыл аймагындагы Пристань айылында мамлекеттик мүлктөр менчикке өтүп кеткенин айтып чыкты. Бул тууралуу ал 29-январдагы парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү жергиликтүү тургундар бала бакча, клуб, почта, ФАП, туристтик база, скважинадан бери менчиктештирилип кеткенин айтып кайрылып жатканын белгилеп, тиешелүү органдарды териштирип, мамлекетке кайтарууну талап кылды. Ал Ананьево айлынын жашоочулары дагы туристтик базаны мамлекетке кайтарып, кайрадан иштетүү өтүнүчү менен кайрылганын кошумчалады.

Ошондой эле эл өкүлү Балыкчы шаарындагы Строительная, Айылчиев көчөлөрү өнөр жай зонасына кирип калгандыктан жашоочулары үйлөрүнүн тийиштүү документтери жок экенин айтып кайрылганын, ушундай эле көйгөй Чолпон-Ата шаарында да бар экенин белгилеп, өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго маселени чечүүнү тапшырды.

Мындан сырткары Айжигитов өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш, Бактуу-Долоноту айылдарынын тургундарынын көйгөйлөрүн жеткирди.

Жогорку Кеңеш 29.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан