Бүгүн, 30-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу "Кыргыз фармацияга" атаандаш катары башка фармкомпанияларга да иштегенге уруксат берүү керектигин айтты.
Ал көрүлгөн чараларга карабай өлкөдө дары-дармектин баасы арзандабай жатканын белгиледи.
"Өкмөт элди дары-дармек менен арзан камсыз кылуу үчүн "Кыргыз фармация" ишканасын түзгөн. Ишкана өзүнүн ишин жакшы жүргүзүп жатат, анткен менен монополист катары компания жарандарды бардык керектөөлөр менен камсыз кылууда кыйынчылыкка тушугуп жатат. Натыйжада эң зарыл, керектүү дарылардын баасы кескин түрдө өсүп, эл арасында тынчсыздануу өтө чоң.
Андыктан аткаруу бийлиги аталган маселени эске алып, дары каражаттары менен камсыздоодо башка ишканаларга да мүмкүнчүлүк бериши керек. Алар алып келген дарылар баары бир мамлекеттик лабораториядан өтөт. Атпесек жалгыз компания жетишпей жатат. Биз кошумча наркты алып салганыбыз менен, баага таасир деле тийген жок. Атаандаштык менен гана абалды жөнгө салууга болот. Ошондуктан дары-дармектерди ташыган башка фармацевтикалык компанияларга да уруксат беришибиз керектигин турмуш өзү көрсөттү", - деди спикер.