Өлкөгө Ооганстандан баңгизат алып келип тараткан каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-январда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылынын аймагында 1996-жылы туулган К.С. аттуу кыргыз жараны баңгизат менен кармалды. Аталган жаранды тинтүү учурунда жалпы салмагы 800 грамм кочкул жашыл түстөгү ооган чарсы баңгизаты табылган.
УКМК жогоруда аталган баңги каражаттарды алуу жана таратуу каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында тергөө иш-чараларын улантууда.