Биз социалдык тармакта

Бишкекте чырдашкан автобустун айдоочулары боюнча милиция үн катты

Бишкекте эки автобустун чырдашкан айдоочулары тергөө кызматына жеткирилди. Бул туурасында Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG портплына билдирди.

Айта кетсек, №169 автобустун айдоочусу бычак менен чуркап чыгып, №135 автобустун дөңгөлөктөрүн сайган видео социалдык тармактарга тараган.

Милициянын айтымында, айдоочулар жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда жол талаша кетип, анын негизинде пикир келишпестик орун алган. Жыйынтыгында, №169 автобустун айдоочусу 1990-жылы туулган М.Т. аттуу жаранга Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, иш сотко жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан