Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 31-январда республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3 ... -8, күндүз 0 ... -5;
Талас жергесинде түнкүсүн -7 ... -12, күндүз 0 ... -5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1 ... -6, күндүз -4 ... +1;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4 ... -9, күндүз -3 ... +2;
Нарын дубанында түнкүсүн -14 ... -19, күндүз -5 ... -10,
Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6 ... -8, күндүз 0 ... -2 градус суук болот.