Казакстандык блогер Куранды рэп кылып айтканы үчүн сынга калды (видео)

Казакстандык блогер Жылдыз Жаунбаева туулган күнгө арналган иш-чарада Куранды рэп кылып айтканы үчүн сынга калды. Аталган окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Видеодо көрүнүп тургандай, блогер айым өз өнөрүн көрсөтүү үчүн Куранды рэп стилинде аткарган. Бул окуя коомчулукта чоң талкуу жаратып, айрым колдонуучулар Куранды минтип окуганы үчүн жаза колдонуу керектигин жазышкан.

Ал эми блогер Жылдыз Жаунбаева окуядан кийин Инстаграм баракчасы аркылуу билдирүү жасап, Куранды рэп кылып окубаганын, жөн гана Куранды биле турганын көрсөткүсү келгенин айтып чыккан.

"Биз баарыбыз ислам динин карманабыз. Ал туулган күнгө барган кыздардын 70 пайызы жоолук салынып, дин карманган адамдар болчу. Мен ал жерде жөн гана Куранды биле турганымды көрсөткүм келген. Эгер рэп кылып окуган болсом, ошол жердеги адамдар дагы туура эмес кылганымды айтышмак. Ошентсе дагы бардык элден бул нерсе үчүн кечирим сурайм", - деген ал.

Жылдыз Жаунбаева
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан