Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынган 453 даана жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул туурасында бүгүн, 30-январда өкмөттөн кабарлашты.
Иш-чарада МинКаб төрагасы былтыркы жылы жол тармагын каржылоо 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөнүн, ал 22 миллиард сомго жеткенин белгиледи.
“Бул каражаттар 1000 чакырымдан ашык жолду оңдоого жана курууга, анын ичинде 802 чакырымга асфальт төшөөгө мүмкүндүк берди. Биз ири долбоорлорду баштадык: Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол, Нарын–Баетов, Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка, Ош–Баткен–Раззаков, ошондой эле туристтик аймактарда инфраструктураны жакшыртуу жана алыскы аймактардагы жолдорду куруу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат”, – деди Касымалиев.
МинКаб төрагасы жаңы техникалар жол кызматтарына алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууга шарт түзөөрүнө ишенимин билдирип, жол кызматкерлерин алынган техникаларды жоопкерчиликтүү жана кылдат пайдаланууга чакырды.