Кыргызстандын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери дагы 5 өлкөгө визасыз кире алышат. Бүгүн, 30-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мамлекеттер менен дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мыйзам долбоорлору менен дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери төмөндөгү 5 өлкөнүн аймагына кирүү, жүрүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан бошотуларын билдирди. Мындай жеңилдиктер аталган өлкөлөргө да берилет.
Алар:
- Албания;
- Черногория;
- Кипр;
- Венесуэла;
- Таиланд.
Талкуу маалында депутаттар Тышкы иштер министрлигине жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн да визасыз режим киргизүү жөнүндө ушундай келишимдерди кабыл алуу боюнча сунуштарды айтышты.
Маалымат үчүн: Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор мамлекеттик кызматкерлерге кызмат абалына карабастан жалгыз гана жумуш сапарларына колдонууга берилет. Ал кызматтык сапарда чек арадан өтүүнү жана виза иштерин жеңилдетет. Кызматкер мамлекеттик кызматтан кетерде паспорттор кайтарылып алынып, жок кылынуу үчүн ТИМге берилет.