MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору заманбап технологияларга өтүүнү каалаган бардык колдонуучуларды кубанткан жаңы акциянын башталышы жөнүндө жарыялайт. Эми жаңы eSIM номерин активдештирүүдө абоненттер 30 ГБ акысыз интернетти белекке алышат!
Акциянын шарттары:
1. 30 ГБ бонустук топтом жаңы номер менен eSIM’диактивдештирүүдө автоматтык түрдө кошулат.
2. Акцияга катышуу ар бир абонент үчүн бир гана жолу жеткиликтүү.
3. Акысыз интернет кошкон учурдан тартып 7 күн ичинде күчүндө болот.
eSIM’ди активдештирүү жана бонусту алуу оператордун сатуу кеңселеринде же MEGA24 мобилдик колдонмосунда гана жеткиликтүү.
Бонустук интернеттин калдыгын MEGA24 колдонмосунда же *505# USSD буйруусу аркылуу текшерүүгө болот.
Эмне үчүн eSIM?
eSIM – бул уюлдук байланышты физикалык SIM-картасыз колдонууга мүмкүндүк берген заманбап технология. Бул көп саякаттагандар, бир нече номерлерди колдонгондор же SIM-карталарды алмаштырбай, жашоосун жөнөкөйлөтүүнү каалагандар үчүн ыңгайлуу.
Mega24 колдонмосунда eSIM’ди өз алдынча активдештирүү үчүн:
1. MEGA24 колдонмосун жүктөӊүз же ачыӊыз (бугачейин жүктөлгөн болсо).
2. Авторизациялоо бетинде «eSIM алуу» баскычынбасыӊыз жана нускаманы ээрчиӊиз.
3. Өзүӊүз каалаган номерди, тарифтик планды тандап, жекелештирүү процессинен өтүӊүз.
4. Балансыӊызды тандалган тарифтик пландынабоненттик төлөмүнө барабар суммада толуктаӊыз.
5. Электрондук дарекке «Альфа Телеком» ЖАКтынбайланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдижана түзмөккө eSIM’ди орнотуу үчүн нускама мененQR-кодду алыӊыз.
Өзүӊүздүн түзмөктө eSIM’ди кантип кошо аласыз?
1. Телефондун «Тескөөлөрүн» ачыӊыз.
2. «Уюлдук байланыш» же «Мобилдик маалыматтар» бөлүмүнө кириӊиз.
3. «Уюлдук тарифти кошуу» баскычын басыӊыз.
4. Өзүӊүздүн түзмөктүн камерасынын жардамы мененQR-кодду сканерлеӊиз.
Смартфонуңузда eSIM’ди колдонууга болорун кантип билсеболот?
Android үчүн: *#06# комбинациясын териӊиз жана EID жазуусу бар сапты табыңыз. Эгерде ал жок болсо, андасмартфон eSIM’ди колдобойт. Маалымат ошондой эле смартфонду өндүрүүчүнүн расмий сайтындагы мүнөздөмөлөр тизмегинде да камтылган.
iOS үчүн: iPhone 13 жана андан жаӊыраак моделдер eSIM технологиясын колдойт.
Акысыз 30 ГБ интернет алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз жана eSIM’дин артыкчылыктарын баалаңыз! Сунушту бүгүн колдонууга шашылыңыз!
MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда!
30ГБ белек топтому жаӊы номер менен eSim’диактивдештирүүдө бир жолу 7 күндүк мөөнөткө берилет. КР МБА Лиц: №14-1133-КР, №15-1446-КР, N№16-0090-КР, N№18-0261-КР, N№18-0303-КР, N№18-0326-КР. Маалымат жарыяланган күнгө карата актуалдуу 30.01.2025.