Ош шаарындагы коомдук жайларда көп жылдардан бери чөнтөк уурулук менен алектенген деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү коомдук транспорттордо, соода түйүндөрдө жарандардын чөнтөктөрүнө кол салып, уурулук жасап жүргөн. Акыркы ирет ал базардан 41 жаштагы аялдын чөнтөгүндөгү Redmi Note 11 Pro үлгүсүндөгү телефонун уурдаган.
"Шектүү кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал буга чейин дагы ушундай кылмыштары үчүн бир нече жолу кармалган", - деп айтылат маалыматта.