АКШдан Орусияга Кыргызстан аркылуу курал ташыгандар кармалды (видео)

АКШ-КР-РФ багыты боюнча ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана аскердик техниканы мыйзамсыз жүгүртүү жана алып өтүү боюнча туруктуу канал түзгөн трансулуттук топтун кылмыштуу ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын апрелинен тартып азыркы учурга чейин Кыргызстан, Орусия жана АКШнын жарандарынан түзүлгөн топ эсепке алынбаган Глок, CZ, SIG SAUER үлгүсүндөгү тапанчаларды, АР-15, SIG SAUER 5,56-223 мм калибриндеги автоматтарды, Беннели мылтыктарын жана алардын ок-дарыларын мыйзамсыз ташуунун, сатуунун эл аралык каналын уюштурушкан.

"Кыргыз жараны С.М. жана башка адамдар (тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкка чыгарылбайт) АКШнын аймагында өндүрүшчүлөрдүн интернет сайттарынан ок атуучу куралдарды сатып алып, аларды ар кандай видео аппаратурага жамынып, жашыруун жерлерге катышып, почта жөнөтмөлөрү аркылуу Кыргызстанга алып келип, ал жерде негизги бөлүктөрүнөн ок атуучу куралды колдонууга даяр комплект түзүп, андан ары мыйзамсыз сатуу үчүн Орусияга жөнөтүшкөн.

2022-жылдан тартып азыркы учурга чейин алар тарабынан Кыргызстан аркылуу Орусияга 300дөн ашык ок атуучу курал жөнөтүлүп, мында крим чөйрөнүн өкүлдөрү негизги кардарлар болуп саналышкан", - деп айтылат маалыматта.

23-январда АКШдан кезектеги партияны алып жаткан учурда Кыргызстандын С.М. аттуу жараны кармалып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 5,56-223 мм калибрдеги күжүрмөн автоматтын эки даана стволу жана Глок-34 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын стволу алынган.

25-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан С.М.ди УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан