
Ошто таанышын бычактап койгон жаран кылмыштын изи сууй электе колго түштү. Бул туурасында бүгүн, 30-январда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, окуя боюнча милицияга 28-январда кабар келип түшкөн.
Тергөөнүн маалыматында айтылгандай, 28-январда Жийделик айылынын 1992-жылы туулган С.Б. аттуу тургуну Кара-Суу районунун Манас айыл аймагынын 1995-жылы туулган Ш. Дж. аттуу таанышынан карызын сурап барган. Ортодо пикир келишпестик орун алып, Ш.Дж. С.Б.нын денесине бир нече жолу учтуу зат менен сайып жиберген. Шектүү окуя болгон жерден из жашырып, жабырлануучу алган жаратынан улам ооруканага жетпей каза болгон.
Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Анын алкагында 30 жаштагы Ш.Дж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.