Кыргызстан менен Беларустун өкмөт башчылары өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн жакынкы беш жылда 500 миллион долларга жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Бул тууралуу алар бүгүн, 30-январдагы жолугушууда сүйлөшкөнүн өмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларустун премьер-министри Роман Головченко Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында жолугушту.
"Биз дээрлик бардык тармактарда кызматташабыз, товар жүгүртүү өсүп жатат. Ошого карабастан бизде соода, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба жана транспорттук-логистикалык тармактарда ишке ашырылбаган потенциал бар. Бул багытта биз конкреттүү эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыра алабыз деп ишенем", - деди Касымалиев.
Өз кезегинде Головченко ар кыл тармактардагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экендигин, Кыргызстан Беларустун соода-экономикалык чөйрөдөгү ишенимдүү жана маанилүү өнөктөшү болуп саналарын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-беларус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды, инвестициялык өнөктөштүктү жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнү талкуулашты. Өзгөчө көңүл айыл чарба секторундагы, машина куруудагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарды чыңдоого бурулду.