Ошто кызганычтан улам бир адам каза болду

Кызганычтан улам адам өлтүрүүгө шектелип 56 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кечээ, 29-январь эрте мененки саат 06:00 чамаларында адам өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери каза болгон адам Ош шаарынын 42 жаштагы тургуну экендигин аныкташкан.

Шектүү катары 56 жаштагы жаран кармалып, ал кылмышты жасагандыгын моюнуна алган жана мындай кадамга баруусуна кызганыч себеп болгондугун айткан. Тергөөдө окуя 29-январь түнкү саат 01:00 чамаларында шектүүнүн үйүндө болгону белгилүү болгон. Анда 56 жаштагы жаран менен жабырлануучу спирт ичимдиктерин ичип отурушуп, өз ара айтыша кетишкен. Натыйжада шектүү аны бөлмөдө турган бычак менен көкүрөк тушуна бир ирет сайып жиберген.

Шаардык милиция 56 жаштагы жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмү (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан