Бишкектеги Ауэзов көчөсүндөгү оңдоодон кийинки жаракалар. Асфальтты ким калыбына келтирет?

Бишкек шаарынын Мухтар Ауэзов көчөсүндө пайда болгон жол кемтиги оңдолот. Жалданма ишкана өз каражатынын эсебинен жаңы асфальт салат. Бул туурасында бүгүн, 30-январда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган жолдун Анкара көчөсүнөн баштап Чоң Чүй каналына чейинки аралыгын "Чүйдорсервис" ЖЧКсы 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык оңдогон.
"Асфальтбетон катмарын төшөөдөн кийин жаракалар пайда болгондугуна байланыштуу жазма буйрук аталган ишканага 2024-жылдын 15-ноябрында берилген. Бирок аба ырайынын туруксуз шарттарынан улам жолдогу кемчиликтерди жоюу мүмкүн болбогон. Подряддык уюм 2025-жылдын жазында асфальтбетон катмарын өз эсебинен калыбына келтирүүгө милдеттендирилген", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан