Орусиянын гимнин сыйлабаганы үчүн Карачай-Черкесиянын алты тургуну жоопко тартылды. Бул тууралуу Интерфакс Карачай-Черкес Республикасынын Ички иштер министрлиги билдирди.
Мыйзам бузуу аталган республикадагы спорттук мелдештердин биринде катталган. Полиция белгилегендей, спорттук иш-чаранын катышуучулары Орусиянын гимни жаңырып жатканда атайын эле ордуларына турбай, тынчтыкты бузушкан.
Жыйынтыгында алты адамга “Орусия Федерациясынын мамлекеттик символикасын расмий колдонуу тартибин бузуу” административдик беренеси боюнча протоколдор түзүлдү.
Былтыр жайында Нальчик шаарындагы №33 мектепте да ушундай окуя болгон. Ал жерде 9-класстын окуучулары жана алардын ата-энелери Орусиянын гимни ойнолуп жатканда ордуларынан туруудан баш тартышып, тынчтыкты бузушкан. Жыйынтыгында бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери полицияга чакырылып, Орусиянын гимнинин расмий колдонулушун бузгандыгы үчүн протоколдор түзүлгөн.