Бишкекте Спринтердин айдоочусу бир адамды өлтүрө сүзүп, качып кетти

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Кырсык бүгүн, 30-январда болжол менен саат 08:10 чамасында Алыкулов көчөсүндө болгон. Анда 1978-жылы туулган К.Г. аттуу жөө жүргүнчүнү белгисиз унаа сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен.

Мындан улам жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, изи сууй электе кылмышка шектүү катары Мерседец Бенц Спринтер 211 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын 1977-жылы туулган Ж.А. аттуу айдоочусу Масалиев жана Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган.

Азыркы учурда кылмышка шектүү жаран Тергөө кызматына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан