Сокулукта 40 жаштагы Рахат Жумабаева дайынсыз жоголду

Сокулук районунун Төш-Булак айылында 40 жаштагы Рахат Жумабаева дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, Рахат Жумабаева 27-январь күнү Төш-Булак айылындагы Каракинова көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Анын жоголгону тууралуу туугандары бүгүн, 30-январда милицияга кабарлашкан.

Бул факты Сокулук РИИБге катталып, алдын ала тергөө иштери башталды.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык денелүү, чачы кыска кара, кара тору, бетинин сол жагында меңи бар.

Кийген кийими: кара куртка, бутунда кара галош.

Урматтуу жарандар! Рахат Жумабаеванын жүргөн жери тууралуу маалыматыңыздар болсо 0558 86-14-86, 0312 60-75-67 (нөөмөт бөлүм) телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан