Ошто "Хизб ут-Тахрир" уюумунун 7 мүчөсүнүн үйү тинтүүгө алынды (видео)

"Хизб ут-Тахрир" (Кыргызстанда тыюу салынган) диний-экстремисттик агымынын активдүү делген 7 мүчөсүнүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, тинтүү иштери кечээ, 30-январда Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 125 материал, анын ичинде 88 китеп, 7 телефон, 13 дептер, 13 диск, 2 планшет, 1 видеокассета, 1 банктык карта табылган.

Экстремисттик мазмундагы күмөн жараткан буюмдарга тийиштүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу чаралар көрүлөт. Маалыматта аталган кыймылдын радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери дагы жүргүзүгөнү кошумчаланды.

31.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан