Бишкек шаарынын Алматы көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдагандай, тилсиз жоо бүгүн, 31-январда эртең менен чыккан. Кырсыкты алдын алуу үчүн ӨКМ саат 08:05те 1, 08:13тө кошумча дагы 1 күжүрмөн эсеп жөнөткөн.
Министрлик кошумча маалымат берилерин белгиледи.