КРнын Орусиядагы элчилиги кыргыз мигранттары көп жашаган шаарларда киножүрүш уюштурду
КРнын Орусиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Б.Жунусовдун Сибирь Федералдык аймагына жасаган иш сапарынын алкагында "Мекеним - Кыргызстан" деген аталышта киножүрүш ишке ашырылды. Киножүрүш Орусиянын кыргыздар көп жашаган Москва, Екатеринбург, Новосибирск шаарларында жана Москва облусунда уюштурулду. Кыргыз киносун жайылтуу, эмгек мигранттарын кыргыз улуттук маданиятына көңүл бурдурууну көздөгөн иш-чаранын алкагында "Саз", "Ностальгия", "Жамгырдын ыры", "Байпак" аттуу тасмалар көргөзүлдү. Киножүрүш КРнын Орусиядагы элчилигинде "Кыргыз киносу Орусияда: 2012-2013-жылдар" деген темадагы тегерек стол менен жыйынтыкталды.