
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында соңку суткада 16 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 күжүрмөн эсеп тартылды. Ал эми Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 2, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
Министрлик жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.