Бүгүн, 31-январда Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар ишкерлерди сыйлоо жарлыгы чыкты. Ага президент Садыр Жапаров кол койду. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Алсак, 7 ишкер “Даңк” медалы менен сыйланат. Алар:
- Равшан Абдурахимов - “Салих ЛТД” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
- Шайлоогул Майлиева - “Прод Импекс” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
- Нургуль Малабаева - “Ак-Куу” ачык акционердик коомунун башкы директору;
- Акылбек Маматов - “Альфа Ойл” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
- Аскарбек Маметжанов - “АЛАЙКУ Органикс” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкармасынын төрагасы;
- Суюндук Кадыров - “Кант-Сүт” жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу;
- Азамат Осмонбаев - “Альфа” майэкстракция заводу” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.
Ал эми “Эмгек сиңирген ишкер” ардак наамына 6 ишкер татыды. Алсак:
- Нурбек Абдрахманов - “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы;
- Рысгүл Акимжанова - “Бай Элим Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
- Эрлист Акунбеков - “Бай Дыйкан” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
- Денис Гайворонский - “Куликовский” кондитердик үйү” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
- Мырзабек Орумбаев - “Адал Азык” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
- Туратбек Укубаев - “Аталык Групп” жабык акционердик коомунун уюштуруучусу;
Ага улай бир катар ишкерлерге Ардак грамота тапшырылат:
- Павел Дехтярев - “Кант цемент заводу” ачык акционердик коомунун башкы директору;
- Павел Кочергин - “Умай Групп” жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору;
- Кудретилла Маматов - “Ноокат алмасы” айыл чарба багбанчылык коммерциялык кооперативинин башкы директору;
- “КОКА-КОЛА БИШКЕК БОТТЛЕРС” жабык акционердик коому.