УКМК Өзгөндөгү жер махинациясына байланыштуу дагы 2 адамды кармады

Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын 47 жаштагы мурдагы депутаты жана 46 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Улукттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар 2019-2021-жылдар аралыгында Баш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы жердин документтерин жасалмалап, 22 гектар жер тилкесин трансформацияланган кылмышка тиешеси бар делип кармалышкан.

Буга чейин УКМК ушул иш боюнча Баш-Дөбө айылынын 62 жаштагы мурдагы айыл өкмөтүн, аталган айыл аймактын 43 жаштагы азыркы юристин жана алардын 44 жаштагы шеригин кармалганын кабарлаган.

УКМК аталган адамдар сүйлөшүп алышып, айыл өкмөтүн токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалашканын, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана кадастрына өткөрүп беришкенин аныктаган. Натыйжада жасалма документтердин негизинде 2021-жылы өкмөттүн токтому менен жогоруда аталган жер аянты трансформацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан