Башка объект куруу пландалууда. Жалал-Абадда 3 гектардан ашык жер тилкеси мамлекетке алынды

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жалпы аянты 3,70 гектар жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат 2,40 жана 1,35 гектарды түзгөн 2 жер тилкеси 1960-1970-жылдары жыгач кампасын жана соода базасын куруу жана жайгаштыруу үчүн бөлүнгөнүн, бирок 1999-2008-жылдары аталган жер аянттары менчикке мыйзамсыз өтүп кеткенин аныктаган.

УКМК мамлекетке алынган жерлерге Спорт жана жаштар ордосу менен Эл аралык Ала-Тоо университетинин филиалын куруу пландалып жатканын кошумчалады.

УКМК 31.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан