Бишкек шаарында "Ош базардын" аймагындагы жер төлөлөрдүн биринен жашыруун казино табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, кумар оюндарынын уюштуруучусу мыйзамсыз ишин улантуу үчүн укук коргоо кызматкерине айына 30 миң берип турууну сунуштаган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Пара берүү" беренеси менен иш козголуп, шектүү делген 32 жаштагы жаран 30 миң которуп жаткан жеринен кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал эми шектүү уюштурган кумаркана тинтүүгө алынып, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу" беренеси менен дагы иш козголду.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.